Ошто электр зымдарынын кыска туташуусунан улам үй толугу менен күйүп кетти

Ош шаарында Сагынбаев көчөсүндө турак үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Анда белгиленгендей, окуя бир күн мурун, 27-майда болгон.

«Өрттү өчүрүүгө саат 08.50дө бир өрт өчүрүү тобу тартылып, саат 09.51де өрт локалдаштырылды, 11.53тө өрт толугу менен өчүрүлдү. Күйүү аянты 175 чарчы метрди түзгөн. Себеп – электр зымдарындагы кыска туташуу », – деп билдиришти ӨКМдин басма сөз кызматынан.

Министрлик жарандарды өрт коопсуздук эрежелерин сактап, бузук электр шаймандарын колдонбоого чакырды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.