Ошто экзотикалык жаныбарлардын зоопаркы ачылды. Фоторепортаж

Ош шаарында алгачкы жолу экзотикалык жаныбарлардын көчмө зоопаркы ачылды. Зоопарк шаарыбыздагы Нур кинотеатрынын 2-кабатында жайгашкан. Мында Бразилиянын жана Орусиянын аймактарынан топтолгон жаныбарлардын 30га жакын түрүн көрсөңүз болот. Зоопаркты ачуу демилгесин 22 жаштагы жаш ишкер колго алып, шаардыктарга жагымдуу маанай тартуулоо максатында алып келген. Аталган зоопаркта Азия жана Европанын аймактарынан алынып келинген тотукуш, жылан, енот, коён, кескелдирик жана маймылдын бир нече түрлөрү бар. Келген көрүүчүлөргө жаныбарларды кармап көрүп, сүрөткө түшүүсүнө дагы уруксат берилет.

 

 

Фото: Сыймык Марат уулу

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген