Ошто эки күндүк туристтик жарманке өтүүдө

26-сентябрдан тарта Оштун борбордук аянтында бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө карата уюштурулган, эл аралык деңгээлде чоң туристтик көргөзмө-жарманке өткөрүлдү.

Расмий бөлүккө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев, чет өлкөлүк дипломаттар, чет мамлекеттердин Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, туристтер жана жеке ишкерлер катышышты.

Борбордук аянтта уюштурулган туристтик жарманкеде туристтик фирмалар, жеке ишкерлер өз тармагын, ал эми өндүрүүчүлөр өз продукциясын көрсөтүштү.

Туристтик көргөзмө-жарманке туризм тармагындагы ата мекендик жана чет өлкөлүк ишкерлердин катышуусу менен туристтик форум менен улантылды.

Андан ары, “Аймактык туризм жаңы шарттарда” деген темада виза алуу, байланыш жана туризмди өнүктүрүү маселелерин талкуулоо үчүн тегерек стол уюштурулат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.