Ошто эгемендүүлүк күнүнө карата масштабдуу майрамдык программа уюштурулууда

Ош шаарында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата кол өнөрчүлөрдүн масштабдуу көргөзмөсү, театралдык оюндар жана гала-концерт өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, 31-август күнү, Оштогу борбордук аянтта 7 боз үй орнотулуп, кол өнөрчүлөрдүн, уз-чеберлердин буюмдарынын, улуттук тамактардын көргөзмөсү өтөт. Аны боз үйгө атайын түзүлгөн комиссиялык топ жеңүүчүлөрдү аныктап, диплом жана балуу белектер тапшырылат.

Мындан сырткары майрамдык программанын алкагында, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Оштогу бөлүмү тарабынан уюштурулган “Достук фестивалы” болот.

Шаардын борбордук аянтында түштүк борбордун тургундары жана коноктору үчүн шаардык маданият башкармалыгынын, «Келечек» чыгармачылык балдар үйүнүн чыгармачыл жамааттары, шаарда жайгашкан театрлар тарабынан даярдалган концерттик программа болот.

Анда белгилүү инсандар: Алымбек-Датка, Курманжан-Датка, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Исхак Раззаковдун өмүр жолу тууралуу тетрлаштырылган көрүнүштүр тартууланат.

Мындан тышкары, кыргыз эл артистери, эстрада жылдыздары катышуусунда майрамдык концерт өтөт.

Ошондой эле, борбордук аянтка келген коноктор үчүн дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулган “күрөш”, аркан тартыш, таш көтөрүү, кол күрөш боюнча спорттук мелдештери өткөрүлөт.

Т.Сатылганов жана Навои атындагы сейил бактардаа тогуз коргоол, ордо, шахмат боюнча мелдештер уюштурулат.

Ал эми кечинде, саат 20:00до Ош шаарынын борбордук аянтында белгилүү ырчылардын, маданият кызматкерлеринин катышуусунда чоң программадагы гала -концерт өтөт. Иш -чара майрамдык фейерверк менен аяктайт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.