Ошто эң кымбат акы төлөнүүчү мектеп ачылды

Ош шаарында эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап мектеп пайдаланууга берилди. Билим уясы  250 окучууга ылайыкташып, учурда  100гө  чукул бала окуп жатат. Окутууда алдынкы технологиялар колдонулуп, окуучуларга керектүү шарттар түзүлгөн.

Кыргызстан эл аралык мектебинде окутуу Кембридж системасынын негизинде англис тилинде Америка, Англия, Швецария жана Филлиппин өлкөлөрүнөн келген тажрыйбалуу мугалимдер сабак берет. Мектеп жеке ишкер тарабынан ачылган. Андыктан окутуу контрактык негизде болот.

Жаңы ачылган учун 35 пайыздык скидка менен 2700 доллар болуп жатат.

 

 

 

 

 

 

 

Ош шаарында жалпы 60 миң окуучу болсо, аларга  77 гана мектеп бар, анын ичинен 22 си  жеке менчик.  Мектептердин жетишсиздиги бир гана Ош шаарында эмес. Бул көйгөй өлкөнүн бардык аймактарынлда байкалат. Ушул тапта эле Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылындагы мектептин имараты кулап 50 окуучу боз үйлөрдө билим алышууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген