Ошто дыйкандар үстөгү төмөн насыянын кечеңдеп жатканына нааразы

Ош облусунда жыл сайын өкмөт тарабынан берилүүчү арзандатылган кредиттер дыйкандарга кеч берилүүдө. Жазгы айдоо иштери эрте башталгандыктан, дыйкандар акчанын кечигип жатканына нааразы болушууда.

Маалыматка ылайык, төмөндөтүлгөн  пайыздагы акча айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн фермер жана дыйкандарга колдоо катары берилмей болгон. Бирок, ушул тапта дыйкандардын басымдуу бөлүгү акча алууда кезек күтүүлөр көп болуп, ала албай жүргөндүгүн айтышууда.

Ал эми Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн региондорду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Райымберди Ынакбаев да бул маалыматты ырастап, белгисиз себептерден улам акча кечигип жаткандыгына токтолду.

 “Чындыгында кредит кечиктирилип жатат. Анык себебин биз да биле алган жокбуз. Ушул тапта, облустагы дыйкандар 55 млн сомдон ашык кредит алышты”,-деди ал.

Белгилей кетсек, быйыл айыл чарбасына берилүүчү кредиттердин үстөк пайызы ишмердүүлүктүн түрүнө жараша 6 % баштап 10 %  чейин деп белгиленген.

Ушул тапта, Ош облусунун айрым аймактарында эгин айдоо өнөктүгү соңуна чыгуу алдында турат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген