Ошто дыйкандар үчүн семинар өттү

Ош шаарынын Жапалак аймагында  дыйкандарга окуу семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу “Ынтымакка”өздүк булак билдирди.

Иш чарага 13 айылдан 100 гө жакын дыйкан-фермерлер катышты. Максаты аймактагы өз алдынча иш алып барган дыйкандардын тажрыйбасын арттыруу жана тийиштүү адистердин кеңешин алып,аны колдонуу болуп саналат.

Жапалак айыл аймагынын жетекчисинин айтымында быйылкы жылы жергиликтүү  дыйкандар жер-жемиш айдоого басым жасап жатышат. Анткени жыл сайын суроо-талап көп болот.

Эске салсак, мындай семинар жергиликтүү бийлик тарабынан  жыл сайын уюштурулуп, натыйжасын берип келет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген