Ошто достук фестивалы өтүп жатат

Ош шаарында улуттар аралык ынтымакты чыңдоого багытталган “Достук” фестивалы өтүп жатат. Ага коңшу Өзбекстандан коноктор чакырылган. Саамалык Кыргыз-Өзбек университетинин 25 жылдык мааракесине арналып уюштурулган. Бул тууралуу “Ынтымакка” окуу жайдын ректору Чаткалбай Райымбаев билдирди.

Анын айтымында, “Достук” фестивалына Өзбекстандын Анжиян, Фергана, Наманган мамлекеттик университеттеринен окутуучулар, студенттер келишкен. Анын алкагында, спорттук жана маданий иш-чаралар өтөт.

“Биз, көптөгөн өлкөнүн Жогорку окуу жайлары менен кызматташып келебиз. Анын ичинен өзгөчө коңшу Өзбекстан менен да тыгыз иштешебиз. Ошол себептүү, 25 жылдык мааракебизди белгилеп, өнөктөштөрдү чакырдык. Максатыбыз – достук мамилени бекемдөө болуп саналат”,-деди ал.

Оштогу Кыргыз-Өзбек университети – 1994-жылы түптөлүп, учурда анда 8 миңден ашуун студент билим алууда.

Кыргыз-өзбек “Делбирим” фильми 6-декабрдан тарта көрсөтүлө баштайт

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр башталды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген