Ошто диний кырдаал талкууланды

Бүгүн, Ошто диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты талкууга алган жыйын болду. Ага, калаадагы тиешелүү кызмат жетекчилери катышты.

Максаты диний экстремизм, радикализм сыяктуу терс көрүнүштөрдүн алдын алуу жана түрдүү агымдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу болуп эсептелет.

Тегерек стол өкмөттүн буйругунун негизинде иштелип чыккан  2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын алкагында өткөрүлдү.

Буга чейин Ысык-Көл, Баткен, Нарын, Жалал-Абад облустарында да болгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген