Ошто дарыгерлерге алгачкы эмдөө пункттарынын ишин уюштуруу тапшырылды

Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов Ош шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунун ишин текшерди. Текшерүүнүн алкагында вице-мэр Ош шаарынын No1, No2, No3, No4, No5, No6 ҮМБларда болду. Бул тууралуу басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекемелердин медициналык кызматкерлери менен болгон жолугушууларда коронавирустун жайылуусунун алдын алуу боюнча иш-чараларды күчөтүүгө, анын ичинде калк арасында түшүндүрүү иштеринин санын көбөйтүүгө, ҮМБда эмдөө пункттарын даярдоого, кызыл зоналардагы медицина кызматкерлеринин иштерин уюштурууга басым жасалды.

Шаардын ҮМБнын жооптуу кызматкерлерине санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин сакталышына көзөмөлдү күчөтүү, дарыгерлер менен медайымдардын иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү тапшырылды.

Жыйынтыгында Юго-Восток, СМУТТ, Южный кичирайондорунун ҮМБнун кызматкерлери менен жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы ФАПтын кызматкерлери менен жолугушуулар болуп өттү.

Белгилей кетсек, иш-чаралар республикалык жана жергиликтүү штабдын чечимдерин ишке ашыруунун алкагында, анын ичинде короолорду айланып өтүүнү сапаттуу өткөрүү боюнча өткөрүлүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.