Ошто дарт аныктоодо колдонулуучу жаныбарлар багылып жатат

Ош шаарынын түштүк аймактык фитосанитардык жана ветеринардык инспекциясынын короосунда 40тай деңиз чочкосу, 100гө жакын ак чычкан жана 20дан ашуун коён багылат.

Деңиз чочколоруна, коёндорго жана ак чычкандарга атайын графиктин негизинде тоют чачылат. Ар бирине өз- өзүнчө жайлар даярдалып, жаш курагына карап бөлүнүп коюлган.

“Биз буларды өзгөчө көңүл буруу менен, үч маал жем берип карайбыз. Кышында болсо коёндор менен деңиз чочколоруна капуста, сабиз берилсе, чычкандар семичка жана нан менен азыктанышат”,- жетектөөчү адис Арзыкан Аширбаева.

Аталган жаныбарлар мал-жандыктарынын дартын аныктоого, ооруган үй жаныбарларына так диагноз коюуга пайдаланылат. Булар дартты тез кабыл алган назик жаныбарлар болгондуктан, ооруну аныктоодо натыйжа жакшы болоорун изилдөөчүлөр айтышат.

Деңиз чочколору мындан башка Лейлек жана Бишкекте багылат. Бул жаныбарларды мына ошол жерлерден алмаштырып аргындаштырып турушат.

Кыргызстанда жаныбарларды лабораториялык изилдөөдөн өткөрүү анчалык деле орчундуу деп саналбайт. Бирок дүйнөдө эсепсиз иттер, коёндор жана чычкандар тестирлөөнүн курмандыгына айланышат.

Жаныбарларды изилдөөдөн өткөрүүгө ири фармацевтикалык жана косметикалык корпорациялар буюртма беришет. Мындан улам дүйнө жүзү боюнча бир жылда 150 млнго жакын жаныбарлар өлтүрүлөт.

Бүгүн лабораториядагы жаныбарларды коргоо күну. Жыл сайын канча чычкан, коен, иттер эксперименттерде жок болоорун билесизби?

Опубликовано Ынтымак Медиа 24 апреля 2017 г.

2009-жылдан бери Европа өлкөлөрү жаныбарларды лабораториялык изилдөөдөн өткөрүүдөн баш тарта баштаган.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген