Ошто дарбыз-коондон 2-3 эсе көп нитрат табылды

Кыргызстанга келип жаткан дарбыздарда жана коондун анделектеринде зыяндуу нитраттар эки эсе көп чыгып жатат. Дарысы көп жемиштер  акырындык менен рак ооруларынын башталышына алып келет. Мындай маалымат ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча Ош шаардык инспекциясынын базардагы лабораториялык текшерүүсүндө белгилүү болду.

Ош шаарынын базарларында жаңыдан сатыкка чыга баштаган дарбыздарда дарынын күчү эки эсеге көп болууда. Адистердин айтымында, дарбыз жана анделектерде 60 миллиграммга чейин нитраттын болушуна уруксат берилген. Бирок учурда алардын өлчөмү 100-200 миллиграммдан ашык экендиги аныкталды.

“Норма боюнча 1 кг дарбызда 60 миллиграмм дарынын көлөмү болушу керек. Ал эми анделектерде 90 болушу шарт. Бирок текшерүүнүн жыйынтыгы менен 3 эсе күч экендиги аныкталды. Бул деген дарбыз менен анделек жеген адамдын ден- соолугуна коркунуч жаратылып жатат дегендик”,- дейт Фитосанитария коопсуздугу боюнча Ош шаардык инспекциясынын лаборанты Жылдыз Нурдинова.

Адистер маалымдагандай, дарысы көп дарбыздар ар кандай онкологиялык оорулардын башталышына шарт түзөт. Учурдагы дарбызды жеген жаш балдардын дене табы көтөрүлүп, ичи өтүү коркунучу бар.

Маалыматка караганда, дарбыз жана коондор коңшу Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттеринен аткезчилик жол менен келип жатат. Кыргызстанга кирген соң элге тарап кетип, аны жок кылууга мүмкүн болбой жатат дешет адистер. Ал эми сатуучулар фитосанитария кызматкерлеринин айткандарына макул эмес.

“Жашылча- жемиштерди өндүргөн өлкөлөрдүн жашоочулары деле ушул эле дарбыз, ушул эле алманы жешет. Алар деле текшерип, анан жешет да. Зыяндуу, кооптуу дегенге мен ишенбейм, жылда эле жеп келе жатабыз го”,- дейт сатуучу Нужигит Азимжанов.

Шаар тургундары дарбыздын жайдын акыркы айында  бышкандары коопсуз деп эсептешет. Алардын айтымында, жер семиркичтердин күчү менен бышкан жемиштерди жегенде дарынын даамы байкалат.

“Азыркы дарбыздар жасалма жол менен бышып жатат. Өңүн кызартыш үчүн химиялык заттар колдонулат. Ал заттар организмге барып, натыйжада ден- соолук жабыркайт”,- дейт шаар Ош шаарынын тургуну Айгүл Нооманова.

Рейддин жүрүшүндө дарбыз, коон жана анделектерден башка да мөмө жемиштер текшерилди. Натыйжада аларда нитраттын көпчүлүгү байкалган жок.

Ош шаарындагы ветеринария жана фитосанитария инпекциясынын өкүлдөрү бир топ рейддерди өткөрүп, зыяндуу заттары көп товарларды сатып жаткандыгы үчүн ондон ашык сатуучуга акт түзүлгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген