Ошто угуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган жарандар нааразычылык акциясына чыкты. Фото

Ош шаарынын борбордук аянтында дүлөйлөр нааразычылык акциясына чыгышты. Алар жергиликтүү бийликке  мыйзам чегинде укуктарын коргоо талабын билдиришти. Алар менен тиешелүү кызмат өкүлдөрү жолугуп, түшүндүрүү иштерин алып барышууда. 

Буга чейин Ош облусунун Алай районуна караштуу Корул айылынын тургундары үч дүлөй жигитти бала уурдоого айыптап, тепкиге алган.

Ал эми милиция дүлөй жигиттер  орозо айына карата жылсанак сатканы барышканын айткан эле. Учурда тепкиге калган балдар  айыл тургундарынын үстүнөн арыз жазып, иликтөө иштери башталган.

Оштун борбордук аянтына чогулгандар ишти тыкыр иликтөөнү талап кылып, күнөлүүлөргө чара көрүлүүсүн айтышты. Жалпы борбордук аянтка 50гө чукул жарандар чогулушту.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген