Ошто чет элдик студенттер арасында олимпиада өтүүдө

Бүгүн  Ошто чет элдик студенттер арасында кыргыз тили, орус тили жана латын тилдери боюнча олимпиада өтүп жатат. Бул тууралуу “Ынтымакка”  уюштуруучу топтун мүчөсү Мээрим Мусурманкул кызы билдирди.

Анын айтымында, иш чара ОШМУ тарабынан өткөрүлүүдө. Максаты чет элдик студенттер арасында мамлекеттик тилди жайылтуу болуп саналат.

Сынакка Бишкек, Жалал-Абад шаарларынын жогорку окуу жайларынын студенттери келген. Жалпы олимпиадага 30 студент катышууда. Анын ичинен кыргыз тилине өзгөчө басым жасалып ага 12 студент катышып жатат.

Олимпиаданын соңунда, жеңүүчүлөргө сертификат жана кызыктыруучу сыйлыктар берилет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген