Ошто үч логистикалык борбор курулат

Быйыл Ош облусуна үч ири логистикалык борбор куруу пландалып жатат. Алар Алай, Ноокат жана Кара-Суу райондорунан  орун алат. Демилге аймактарды өнүктүрүү, элеттиктерди жумуш орду менен камсыздоого багытталган. Логистикалык борбордо сакталган азыктар экспорттун көлөмүн көбөйтүп, өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө салым кошот. Бул тууралуу Жогорку кеңештин “Өнүгүү- Прогресс” фракциясы уюштурган көчсмө жыйында айтылды.

Логистикалык борбордун алгачкысы Алайдын Сары-Таш айылына курулганы турат. Анткени аталган аймакта мал жандыктары көп болгондуктан, сүт менен эт мол болот. Жергиликтүү жандыктардан алынган азыктар логистикалык борбордо сакталып коңшу өлкөлөргө дүңүнөн экспорттолот. Ал үчүн айыл өкмөт тарабынан 250 гектар жер аянты бөлүнүп берилди. Жеке ишкерлер тарабынан курулса, беш жылдан он жылга чейин ишкер салык төлөмдөрүнөн бошотулат деп билдиришет бийлик өкүлдөрү.

Ушундай эле логистикалык борборлор Ноокат жана Кара-Суу райондоруна да курулат. Аталган аймактарда курулуучу борбор мөмө менен жашылча-жемиштерди  сактап, экспортко даярдайт. Ишкерлерге колдоо көрсөтүү үчүн мамлекеттен 8 миллиард сом бөлүнгөн.

Жогорку кеңештин “Өнүгүү- Прогресс”  фракциясы уюштурган көчсмө жыйынга өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, акимдер, мамлекеттик банктардын адистери катышты. Эл өкүлдөрү мамлекеттик банк кызматкерлерине өз сунуштарын беришти.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген