Ошто үч ай мурун каза болгон кишинин өздүгү такталбай жатат

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери үч ай мурун каза болгон кишинин өздүгүн аныктоо үчүн элден жардам сурайт.

Окуя  9-августта саат 21:45 чамасында болгон. Анда Ош шаарынын Курманжан датка жана Кол өнөрчүлөр көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан дүкөндүн алдындагы арыкта ээсин жоготкон киши табылган.

Болжол менен 45-50 жаштар чамасындагы, азиат түспөлүндөгү адамды тез жардам унаасы Ош облустук ооруканасына жеткирген. Бирок ал өзүнө келбей каза болгон.

Белгилери: бою 160-165 см чамалуу, арык чырай, кара тору, чачы кыска жана ак түстө.

Кийген кийимдери: жеңи кыска боз түстөгү көйнөк, көк түстө жинсы шым, бутунда күрөң өңдөгү бут кийим.

Сүрөттөгү адам тууралуу маалыматы барлар Ош ШИИБдин кызматкерлери менен (03222) 65510, 48282, 0772414170, 0705255277 номуру аркылуу байланышса болот.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген