Ошто быйыл салыктан түшкөн акча 25 пайызга көбөйдү

Ушул жылдын сегиз айынын жыйынтыгында салык жыйноодон жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө салыктык жана салык эмес кирешелер боюнча жалпы 786,0 млн. сом акча каражаты  түштү. Бул тууралуу Ош шаардык салык кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык,  2018-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 151,4 млн. сомго же 24 пайызга өскөн. Анын ичинен салык кызматтары тарабынан жыйналган салыктар жана жыйымдар 733,0 млн. млн. сомду түзүп, 2018-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 146,2 млн. сомго же 25 пайызга ашыкча аткарылган.

Ал эми 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмү 2018-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 20 % га өсүп, же болбосо 188 млн. сомго көбөйүп, 1 млрд. 127,6 млн. сомго бекитилген.

Анын ичинен салык кирешелери 982,1 млн. сомду, салык эмес кирешелери 65,3 млн. сомду жана бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 80,2 млн. сомду түзөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген