Ошто быйыл айт намазы борбордук аянтта окулбайт

Быйыл айт намазы борбордук аянтта эмес мечиттерде гана окулат. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди муфтияты кабыл алган.

“Жыл сайын айт намазы борбордук аянтта окулуп келген. Быйыл болсо мечиттерде окулат. Андыктан ар бир жаран өз аймагына жакын жайгашкан мечиттерге барып, айт намазын окуса болот”-деди ал.

Жыл сайын айт намазын окуу үчүн борбордук аянтка 10 миңден ашуу калаа тургундары катышып келген.

Калаада жалпысынан 82 мечит болсо алардын 42де айт намаздары окулат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген