Ошто биринчи жолу көркөм гимнастика боюнча чемпионат өтөт

Ош шаарында алгачкы ирет өспүрүм кыздар арасында көркөм гимнастика боюнча ачык турнир өткөрүлөт. Мелдеш “ЕРЕМ” спорт клубунда болуп, эртең 17-ноябрда старт алат. 

Ошто алгачкы ирет уюштурулуп жаткан мелдешке 140 өспүрүм,  СССРдин, КРнын көркөн гимнастика боюнча спорт чеберлери жана машыктыруучулары, ошондой эле эл аралык калыстар катышат.

Аталган турнир  2 күнгө уланып, жыйынтыгында байгелүү орунга жеткен спортчуларга уюштуруучулар тарабынан медаль диплом жана  баалу сыйлыктар тапшырылат.

Эске салсак, ушул жылдын июнь айында, Айнура Шаршембиева тарбиялаган Оштук өспүрүм кыздар, Баку шаарында өткөн эл аралык турнирде 2 алтын, 4 күмүш жана 2 коло медаль утуп келген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген