Ошто бир туугандар арасында чыр чыгып, агасы инисин бычактап өлтүрдү

Бүгүн, 21-сентябрда Ош шаарында бир туугандар арасында чыр чыгып, агасы өз инисин бычактап өлтүрдү.Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, окуя Манас-Ата аймактык башкармалыгынын Уркуя Салиева көчөсүндө болгон. Учурда кылмыш болгон жерде териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Буга чейин окурмандар аталган аймакта тез жардам жана милиция кызматкерлери топтолуп тургандыгын билдиришкен.

Маалымат толукталат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.