Ошто бир тонна пахтанын баштапкы баасы 45 миң сом болууда

Ак була чогултуу толук аяктаганга чейин бул баа дагы өзгөрүшү мүмкүн.  Учурда бир килограмм пахтанын баасы 45 сом.

Ушул тапта, Ош облусундагы пахта талааларында биринчи терим дээрлик бүтүп калды.  Ар бир дыйкан гектарынан 20-25 центнерден пахта жыйнашты. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 0,7 центнерге көп. Жалпы Кара-Суу жана Араван райондорунан учурда 9000 миң тонна пахта заводго тапшырылган. Сезон бүткөнгө чейин, бул тоннанын көлөмү дагы артат.

Бул жылы ак алтынды сатып алууга Кытай, Орусия, Туркия мамлекеттери кызыкдар.

Терилген пахталарды бүгүнкү күндө 3 завод кабыл алууда. Алар буга чейин дыйкандар менен келишим түзүп, үрөндөрүн берген. Эми тапшырган ак алтындын көлөмүнө карап акчалараын төлөп берет.

Белгилей кетсек,  бул жылы пахта  Ош облусунун 10 миң 500 гектар аянтына  эгилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген