Ошто бир аптада эттин баасы арзандайт

Ош шаарында бир килограмм эттин наркы 290 сом болору күтүлүүдө. Мэр Айтмамат Кадырбаев бааларды аныктап-турукташтырууга кол алдындагыларга бир жума убакыт берди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Азыр шаарда бир килограмм эттин баасы – 330 сом. Бул нарк облус аймактарына салыштырмалуу 30-40 сомго жогору. Калаа тургундары кымбатчылыкка нааразы болуп, алардан жергиликтүү бийликке кайрылуулар тынбай түшүп жатат.

Тиешелүү адистерге мэриядан 50 миң сом бөлүнүп берилди. Эми алар бодо мал сатып алып, алынган эттин салмагы, чыгымдарды эске алуу менен азык наркын аныкташат.

Алдын ала божомолго ылайык, Ош шаарында эттин бир килограммы 290 сом болору күтүлүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.