Ошто бийлик өкүлдөрү менен дин кызматкерлери элди ынтымакка чакырды

Ош шаарында калаанын Коопсуздук кеңеши тарбынан уюштурулган жыйын өткөрүлүп, эки маселе каралды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы Коопсуз шаар долбоорунун алкагында аткарыла турган иштер жана жемкорлукту алдын алуу жана калаанын коопсуздугун бекемдөө маселелери талкууланды.

Жыйынга Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев, Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жана баш имам хатибдер, бийлик өкүлдөрү, мектеп директорлору катышты.

Иш-чарада Коопсуз шаар долбоорунан тышкары  радикализим, экстремизм, терроризмге каршы күрөшүү, ар кандай терс диний агымдардан оолак болууга, улут аралык чыр чатактарды алдын алуу тууралуу бир катар маселелерди талкууга алынды. Ошондой эле мамлекеттик жана дин кызматкерлер биргеликте жаштарды туура таалим-тарбия берүүгө, элди ынтымака чакырылып, биргеликте иш алып барышмай болушту.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген