Ошто беш айда эле 32 адам суицидге барган

Жанын кыюуга аракеттенгендердин 90%ы жаштар жана басымдуу бөлүгү аялдар. Психологдор бул тенденцияны аялдарга карата үй-бүлөлүк зордук-зомбулук күчөгөнү менен байланыштырышат.

Жакында эле Ош шаарында бир сутка ичинде 3 адам суицидге барып, бирөөсү каза болгон. Экөөнүн өмүрүн тартип сакчылары сактап калышкан.

Ош ШИИБнин маалымат кызматынын өкүлү Райхан Абдразакованын айтымында өз жанына кол салгандардын басымдуусу 14-35 жаштагы кыз-келиндер.

“Негизги себеби катары социалдык көйгөй жана психологиялык басым каралат. Алар мындай кадамга барган себебин жазып калтырбаган үчүн бизде иликтөө иштеринде кыйынчылыктар болот”, – дейт Абдразакова.

“Ак жүрөк” кризистик борборуна жыл башынан бери депрессияга кабылган 350дөн ашык адам кайрылган. Алардын 90%ы аялдар.

“Көбүнчө үй-бүлөлүк зомбулуктан улам бизге кайрылышат. Насыя алып, андан кутула албай, үй-жай, үй-бүлөсүнөн ажырап, айласы түгөнгөндөр да бар”, – дейт кризисттик борбордун башчысы Дарика Асылбекова.

Психологдор болсо суициддин жайылышына интернет, социалдык тармактардын тааасири бар деп эсептешет.

“Уюлдук телефондор жаштарда жалгыздык сезимин ойготууда. Социалдык чөйрө менен алака үзүлүп, жалгыздыктан депрессияга түшүп, суицидге барып жатышат”, – дейт психолог Гүлнара Оңкошова.

Кыргызстанда жыл сайын миңдей адам суицидге барары айтылат.

Текст: Марат Акимбек уулу Кымбат

Видео: Абдисамат уулу

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген