Бүгүн Ошто башкы балаты жандырылат

Бүгүн, 24-декабрда кечки саат 19:00дө Ош шаарында жаңы жылдык балаты жандырылат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 18:00дөн тарта борбордук аянтта концерттик программалар башталат.

Быйыл акчаны үнөмдөө максатында былтыркы балаты кайрадан орнотулду.  Анын бийиктиги 28 метр болуп, үстүндөгү жылдызчасы менен жалпы 30 метрди түзөт. Жалпысынан балатынын айланасын жасалгалоо иштерине жергиликтүү бюджеттен 973 миң сом бөлүнгөн.

Эске салсак, Ош шаарындагы балаты былтыр 16-декабрда жандырылып, аны орнотууга жана борбордук аянтты кооздоо иштерине  1 млн 400 миң сом жумшалган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.