Ошто балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилбей жатат

Ош шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайларга туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү жараяны токтоп калды. Буга кубөлүктүн мукабасы калбай калгандыны себеп болууда. Бул тууралуу “Ынтымакка” Кымбатбек  Абдисамат уулу билдирди.

Ал ушул жылдын 3-май күнү уулду болгон. Баласына күбөлүк алуу үчүн тиешелүү кызматка 15-майда кайрылган.

“Мен уулума мамлекет тарабынан берилүүчү сүйүнчү пул алуу үчүн тиешелүү документтерди даярдадык. Бирок, күбөлүк алууда көйгөй жаралды. Мукаба калбай калгандыктан бир аптадан бери балама күбөлүк ала албай жатам”,-деди ал.

Ош шаардык жарандык актыларды каттоо бөлүмүнүн башчысы Назира Кожошова көйгөй бар экенин тастыктады.

“Учурда бизде 100 жакын бала күбөлүк алуу үчүн кезекте ьурат. Өткөн жумада келген 50 даана мукаба жетпей калып, көйгөй жаралууда. Ушул тапта, Бишкектеги кесиптештер менен сүйлөштүм. Жакынкы күндөрү мукаба келет жана жарандарга бериле баштайт”,-деди ал.

Буга чейин да Ош жана Бишкек шаарларында мукаба жетишсиздиги байкалган эле.

Ошто жаңы төрөлгөн балдарга күбөлүк берилбей жатат. Видео

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген