Ошто балдарга сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелери үйрөтүлүп жатат

Ош облусунда жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу үчүн “Сууда сүзүүнүн алдын алуу” рейди башталды. Анда жашы жете элек балдарга,ата-энелерге түшүндүрүү маалыматтары айтылып,чоң каналдарда жана бассейндерде ойноп жүргөн балдарга эскертүүлөр берилди. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош ОИИБнын басма кызматынан кабарлашты. 

“Балдардын өмүрүнө коркунуч келбесин,сууга чөгүп каза болуп жаткан балдардын саны азайсын деген максатта рейд жүргүзүп жатабыз. Бул саамалык жай мезгилинде тынымсыз өткөрүлүп турат. Аны менен бирге эле,кооптуу делген жерлерге белгилерди орнотуу иштери да уланып жатат. Ош облусунда гана эмес, бардык аймактарда жүрөт. Ата-энелерге да түшүндүрүп,балдарын кароосуз калтырбоосун айтып жатабыз”-,деп билдирди  Ош ОИИБнын жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алуу борборунун башчысы Фарида Шананова.

Тиешелүү кызматтын маалыматында айтылгандай, 2019-жылдын 6 ай ичинде сууга чөгүп каза болгон өспүрүмдөрдүн саны Ош облусунун аймагында 8 учур катталган. Анын ичинен 5 бала Кара-Суу районунда,Ноокат районунда  1 бала,Өзгөн районунда 2 бала каза тапкан. Эң улуусу 2003-жылы туулган бала өспүрүм болсо,эн кичинеси 2018-жылы туулган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген