Ошто балдарды коргоо күнүнө карата 1 айлык жарыяланды

Ош шаарында 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата бир айлык маданий иш-чаралар өткөрүлөт. Бул боюнча калаа башчысы тапшырма берди.

Ага ылайык, бир ай бою балдар үйүндө тарбияланган бардар үчүн  концерттик программалар, түрдүү оюн-зоок иш -чаралары  уюштурулуп балдарга белектер, түрдүү социалдык жардамдар таратылат.

Майрамдын ачылыш аземи “Дельфин” шаардык басейнинде чоң масштабдагы концерт жана көңүл ачуучу оюндар өткөрүлөт. Андан сырткары Алымбек Датка комплексинде бий жана сүрөт тартуу конкурсунун жыйынтыгы жарыяланып, жеңүүчүлөргө баалуу белектер, сыйлыктар тапшырылат.

Жыл сайын өткөрүлүүчү “Ош балдардын көзү менен” аталышындагы  сүрөт конкурска 3 облустан 60 катышуучунун эмгектери ат салышат . Концертте ата-энеси жок балдар жана турмуш шарты оор балдар да катышат.

Аталган саамалыктын максаты балдар үйүндөгү, мектеп интернаттагы балдарга майрамдык м аанай тартуулоо жана аларга маралдык, материалдык жардам көрсөтүү болуп саналат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген