Ошто балдар оюндарынын кербени өттү

 6-июнь күнү Ош шаарында “Балдар оюндар кербени” болуп өттү.  Иш чара 1 айга созулуп, Кербен, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас областарында өткөрүлөт. Бул тууралуу “Ынтымакка” маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Долбоордун алкагында 25 спорттун түрү боюнча оюндар ойнотулуп, иш-чаранын башында  куурчак театры тарабынан  “Керемет көч” аттуу мультфильминин каармандарынан алынган “Туулган күн” аттуу спектакли көрсөтүлөт.
Оюндун максаты балдар менен ата-энелердин ортосундагы мамилени улуттук оюндар аркылуу дагы да тереңдетип, улуттук элдердин спорттук оюндарын балдар арасында жайылтуу, өсүп келе жаткан муунга улуттук баалуулуктарды таанытуу болуп саналат.

Кербендеги чүкө оюндарын ойнотуунун максаты – акыл-эсин өнүктүрүү, шамдагайлыкка көнүктүрүү, түз мээлөө, дегеле оюн менен тарбиялоо болуп эсептелет.
Соңку жылы “Балдар оюндар кербени” Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен балдарга карата зомбулук менен күрөшүү үчүн “Тумар” улуттук кампаниянын алкагында өтөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген