Ошто балдар аянтчасынын ордуна көп кабаттуу үй салынышы мүмкүн

Ош шаарындагы Манас-Ата кичи районунунда балдар ойноочу аянтчанын ордуна көп кабаттуу үй курулушу мүмкүн. Ага аталган аймактагы  жашоочулар  нааразы болушууда. Бул тууралуу “Ынтымакка ”  Ташбү Жумабаева билдирди.

Анын айтымында,  балдар аянтчасы жеке адамга сатылып кеткен . Эми ал ишкер жерине үй салууну көздөп жатат.

“Бул маселе бир канча жылдан бери келе жатат. Мурунку жетекчилерге чейин кайрылуу жасаганбыз. Бирок, жыйынтык болбой жатат. Азыр  9 кабаттуу үй түшөт деп жатат”,-деди ал.

Азыркы күндө бул иш сотто каралып жатат. Ал эми Ош шаардык мэриясына  маалыматты тактоо үчүн байланышып, жооп ала албадык.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген