Ошто балдар арасында сасык тумоо күч алды

Суук түшө баштагандан бери сасык тумоо менен ооруган балдар көбөйдү. Буга чейин облустук балдар ооруканасына күнүнө 20 баланы алып келишсе, азыр алардын саны 70ке жетти. Дарт менен көбүнчө эки жашка чейинкилер жабыркап жатышат.

Ооруканадагылардан сырткары 150 бала сасык тумоонун белгилери менен үй шартында дарыланып жатышат. Ага ооруканада бейтаптарга орун жетишсиздиги себеп болууда. Облустук балдар ооруканасы 60 бейтапка ылайыкташып, азыр он беши коридордо дарыланып жатат.

Неберем сасык тумоо болуп, ооруканага келсем, орун жок. Азыр неберем менен коридордо жатып дарыланып жатабыз. Албетте, бул ыңгайсыз. Сырттан кирип чыккандар болот. Андай учурда эшиктен суук кирип, кайра оору күчөп жатат”,- деди Рабия Касымова.

Ош шаардык клиникалык ооруканасынын балдардын жугуштуу оорулар стационарынын башкы дарыгери Кайрат Абжаловдун айтымында, жугуштуу оорулардын эн эле коркунучтуусу – сасык тумоо. Эгер убагында алдын албаса, өнөкөт дартка айланышы мүмкүн. Аба аркылуу жуккан вирус күз-кыш мезгилдеринде күчөп, иммунитети алсыз жана убагында эмдөөдөн өтпөгөн жаш балдарга тез жугат. Мындан улам ата-энелер балдарын жылуу кармап, дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу шарт.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.