Ошто бала бакчалар электрондоштурулат

Сентябрдан баштап,  Ош шаарындагы бала бакчалар «электрондук кезек» системасына туташтырылат. Бул акыркы учурдагы бакчадагы  коррупцияны жоюу максатын көздөйт.

Эми ата-энелер үйлөрүнөн чыкпай эле,  каалаган бакчасын тандап, кезекке тура алышат. Ал үчүн  электрондук система онлайн түрүндө иштейт.

Кезеги келгени боюнча маалымат  үч күн мурун берилет.  Ошол убакыт аралыгында  документ тапшырылбаса, кайрадан кезекке туруусу керек болот.

Учурда шаардагы бала бакча жетекчилерин үйрөтүү боюнча окутуулар өтүп жатат.

Бала бакчаларга кабыл алууну электрондоштуруу  системасына Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караган 40 бала бакчанын баары өтөт. Бул ишке ашкан соң,  базага кирбеген балдарды кабыл алууга тыюу салынат.

Бүгүнкү күндө Ош шаарында  2000 ге жакын бала бакчага кезекте турат.  Буга бала  бакча тартыштыгы себеп. Бул болсо  кабыл алуудагы коррупцияга жол берүүдө.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген