

Ош шаарында бакча жашындагы 30 миңден ашуун баланын 15 миңи гана бала бакчага баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Анткени калаада бакча жетишсиздиги бар. Негизи бир тайпада 30 гана бала болуусу шарт. Бирок, ушул тапта Ошто бир тайпада 90 жакын бөбөк тарбияланган бакчалар бар. Ашыкча жүктөм менен иштегендердин сап башында №35- “Асан-Үсөн” балдар бакчасы турат. Анын жетекчиси Аймен Туралиеваны кепке тартып, жагдай туурасында маек курдук.
- 17.05.2019