Ошто бакчада шарт жоктугунан балдар ооруп жатат

Ош шаарындагы “Үмүт наристе” балдар бакчасында нааразылык акциясы өттү. Ал жерге балдарын берген ата-энелер бакчанын абалы начар экенин айтып чыгышты. 

Коридорго килем да салынбагандыктан, балдарда тумоо көп катталат дешет ата-энелер. Нааразы болгон тараптын айтымында, балдар отуруучу бөлмөлөрдө да килем-паластар жок эле. Полго салынган линолиумм жыртылып, ойноп жүргөн балдар ал жерден чалынып колдору сынып же чыгып кеткен учурлар да катталган. Андан соң ата-энелер акча топтоп килем алып беришкен экен.

“Менин кызымы бир нерсе чагып алыптыр, бетине кызыл тактар чыгып кетти. Балам жыгылып бир жолу колу сынды, бир жолу колу чыгып кетти. Анан да грипп болуп, басылбай атат. Эмне болду десек, бакчадагы сыздан улам өпкөсүнө суук тийген дешти. Мына азыркыга чейин дарылатып келе жатам”,-дейт   Ош шаарынын тургуну Мээрим Жакыпова

Жыл башында бакча жетекчилиги шарттарды жакшыртуу үчүн ар бир ата-энеден оңдоп-түзөө иштерине деп акча чогултушкан. Бирок эч кандай оңдоо иштери болгон эмес дешет нааразы тарап. Акчадан сырткары да килем, палас, телевизор сыяктуу буюм-тайымдарды ата-энелер алып беришет экен.

“Үмүт наристе” балдар бакчасынын башчысы ата-энелердин козгогон көйгөйлөрүн туура деп тастыктады. Бакча мектеп карамагынан бөлүнгөнүнө  бир ай болуп, ирети менен шарттарды жакшыртып жатыптыр. Мындай шарттагы мектепке чейинки билим берүү мекемесине керек болсо өзүм баламы бербейт элем деп кошумчалады.

Ата-энелердин нааразычылык билдирүүсү биринчи жолу эмес.  Көйгөйлөр мурда да жетекчиликке айтылганы менен майнап чыкпаптыр. Эми бакча башчысы маселени он күн аралыгында чечүүнү убадалады.

Бул маселе тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгына бардык. Бакчалар боюнча адис Саламат Капарова интервью  берүүдөн баш тартты. Ошентип, тиешелүү тараптан сөз болуп жаткан бакчадагы көйгөйлөрдү чечүүгө бюджеттен акча каралганбы жокпу тактай албадык. Ал эми ата-энелер эгерде шарттар жакшырбаса, шаар бийлигине кайрыла тургандыгын билдиришти.

Видео: Арген Калыбек уулу

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген