Ошто Бабур атындагы драма театрынын реконструкциясы башталды

Кечээ, 13 -сентябрда Ош шаарында жайгашкан Бабур атындагы академиялык музыкалык драма театрынын толук реконструкциясы башталды. Шаардын вице-мэри Жасур Азимов баштаган жумушчу топ жеринен кабар алып, аткарылып жаткан иштер боюнча таанышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалым болгондой, реконструкциялоо Өзбекстан менен Кыргызстан ортосундагы эл аралык эки тараптуу социалдык-экономикалык байланыштарды чыңдоо боюнча жетишилген макулдашууларга ылайык башталган. Театрды реконструкциялоону аяктоо келерки жылдын башында пландалууда.

Жумуштун жалпы баасы 5 миллион долларды түзөт. Көрсөтүлгөн долбоорго ылайык, театрдын имараты толугу менен оңдолот.

Оңдоп-түзөө иштери Өзбекстан Республикасы тарабынан каржыланат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.