Ошто баңгизат саткан шектүү кармалды

Эки күн мурун, 4-сентябрда ыкчам-иликтөө тобу Кара-Суу районунун Нариман айылында Кыргызстандын жараны Ю.Б.Уну кармаган, ал 1 кг баңги затын сатмакчы болгон. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыр баңгизат соодасы менен алектенген башка адамдар аныкталууда, тергөө уланууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.