Ошто бөбөктөрдүн 33 пайызы гана бала бакчага барат

Бүгүнкү күндө Ош шаарында жалпы 15 миң бала бакчага барат. Бул бакча жашындагылардын 3төн 1 бөлүгү гана бакчага баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ дегенди билдирет.  Мындан улам бала бакчаларга кезекке тургандар көп, буга байланыштуу коррупция күч алган.

Мындан сырткары, бала бакчаларда терс көрүнүштөр орун алууда. Тактап айтсак, 24-август күнү Ош шаарындагы №48 «Гүлдесте» бала бакчасында 4 жаштагы бала сабалды деп, ата-энеси Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган. 28-август күнү болсо, №40 «Наристе» балдар бакчасында 3 жаштагы кыз  чарчап калган. Өңүт программасында бала бакчалардагы койгойлор туурасында  талкууланды.

Программанын коноктору Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетектөөчу адиси Саламат Айдарова жана жарандык активист Жылдыз Бекбаева болду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген