Ошто азан айткан мечит кызматкерлери окуудан өтүп жатышат

Ош шаарындагы Сулайман-Тоо мечитинде дин кызматкерлери азан айтуу боюнча сабак алышты. Ага шаардагы мечиттердин жана Кара-Суудан келген 60га жакын адистер катышышты.

Анда дин кызматкерлерине намаз убактыларынын бекитилген эрежелери боюнча түшүнүк беришип, белгиленген убакытта азан айтууга чакырышты. Жыйындын экинчи бөлүгүндө облус казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев азандын тарыхы, өкүмдөрү, шарттары жана пазилеттери боюнча сабак өттү. Мындан сырткары сопуларга (азан айтуучу кызматкерлер) практикалык тапшырмалар берилип, азанды мукамдуу айтуудагы кырааттары текшерилди.

“Бул иш-чараны уюштуруудагы негизги максат мечит кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатып, мечиттерде бекитилген убакыттагы тартипти бекем сактап,  азанды өз эрежелерине ылайык көркөмдүү  айткан адистерди даярдоо болуп саналат. Семинарды облустун бардык райондорунда өткөрүүнү пландаштырып жатабыз” –деди Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев.

Эскерте кетсек, семинарга катышкан мечит кызматкерлери мындан ары тиешелүү сынактарды тапшырышып, ийгиликтүү өткөндөргө атайын сертификаттар берилмекчи.

 

 

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz