Ошто аялуу катмардагы жарандар үчүн жардам берген долбоор ишин баштады

Ош шаарында ишкерлердин колдоосу менен медицина жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине тамак таратылууда. Бул тууралуу долбоорду уюштуруучулар JIA Бизнес-ассоциациясы жана ” Элим, барсыңбы!?” коомдук кайрымдуулук фондунан билдиришти.

Уюштуруучулардын айтымында, бул демилге учурдагы оор күндөрдө коомдун аялуу катмарын жана медицина кызматкерлерин колдоо максаты менен “Апаатка такаат” долбоорунун алкагында уюштурулууда. Анын алкагында жакынкы күндөрү каражаттар топтолуп, Ош облусу боюнча 200 муктаж жарандарга жана кары- картаңдарга азык түлүк, антисептикалык тазалоочу каражаттар таратылат.

JIA Бизнес-ассоциациясы коомго кайдыгер карабаган, кайрымдуу ишкерлерге жана жарандарга ыраазычылык билдирет.

Долбоордун алкагында улгайган карыяларга жардам берүүнү каалагандар үчүн төмөнкү телефондор иштейт :

ЭЛСОМ: 0770 00 40 44

Баланс:0770 00 40 44

МБанк: 0770 00 40 44

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген