Ошто аялуу 50 үй-бүлөгө ар тараптуу жардам көрсөтүлдү

2017-2018-жылдарда Ош шаары жана Кара-Суу районунан оор турмуштук кырдаалда жашаган 50 үй-бүлө колдоого алынды. Аларга социалдык, моралдык, психологиялык жардамдар көрсөтүлгөн.

Ошол эле учурда эмгекке тартылган өспүрүмдөр ата-энесинин камкордугунда болуушу керектиги боюнча түшүндүрүүлөр жүрдү.Бул долбоорду Калктын аярлуу топторун коргоо жана өнүктүрүү борбору аткарууда.

“Биз долбоор алкагында соцкызматкерлерди муктаж үй-бүлөлөрдү аныктоо ыкмаларына да үйрөтүп жатабыз”, – дейт Калктын аярлуу топторун коргоо жана өнүктүрүү борборунун башчысы Зейнеп Эшмуратова.

Кийинки жылы аталган долбоор Ош,Жалал-Абад жана Баткен облустарын камтыйт. Мында 3 облустан тандалып алынган жардамга муктаждар менен иш алып барышат.

Сүрөт: Спутник

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген