Ошто аялдардын шайлоого катышуусун кеңейтүү боюнча жыйын өттү

18-февралда Ош шаарында аялдардын жергиликтүү шайлоого катышуусун кеңейтүү жана аларды тартуу боюнча маалыматтык өнөктүктү өткөрүү долбоорунун алкагында жыйын өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, жыйынга Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов, КРнын шайлоо жанан референдум өткөрүү боюнча Ош аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү Расулбек Кадыров, шаар жана облустардан келген активист аялдар, жергиликтүү кеңештердеги депутат айымдры катышты.

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү жыйындын максаты 2021-жылдын жергиликтүү шайлоого жергиликтүү жамааттардын, анын ичинен айымдардын, катышуусун жогорулатуу экендигин белгилеп, 30% айымдардын шайлоого катышып, өз активдүүлүгүн көрсөтүүгө чакырды.

Кыргызстан боюнча бардыгы болуп 484 жергиликтүү кеңеш бар, анын 31и шаардык жана 453 айылдык кеңештер.

Жергиликтүү кеңештерде республика боюнча бардыгы 8 722 мандат. Анын ичинен: эркектер – 7 783 (89,2%), ялдар – 933 (10,8%).

Жыйын, бүгүн, 19-февралда да уланып жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.