Ошто “АВЕП” коомдук уюмунун окутуу долбоору уланып жатат. Видео

Ош шаарында “АВЕП” коомдук уюму уюштурган “Медресе жаштарын кесипке окутуу” долбоору уланып жатат. Аталган долбоор медресе жана диний окуу жайларда окуган студенттерди жумуш менен камсыз кылуу максатын көздөйт.

Кечээ, 13-ноябрда, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү, облустагы медреселердин окутуучулары Ош шаарындагы диний билим берүү бөлүмдөрүндөгү түзүлгөн шарттар, окутуу системасы, жетишкендиктер жана алдыдагы пландалып жаткан иштер таанышып чыгышты.

Учурда аталган долбоордун алкагында 1700 студент 8 кесиптин түрү боюнча билим алууда. Алар керектүү жабдуулар жана техникалар менен камсыз болушкан.

Аталган фонд жалпы 28 медресе менен иш алып барат. Анда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар дагы билим алышат. Окутуунун жүрүшүндө диний сабак менен гана чектелбестен кошумча курстар, тренингдер дагы өтүлөт.

2015-жылы башталган диний окуу жайлардын арасында “Кесиптик шыктарга үйрөтүү” долбоору окутуучуларга жана студенттерге жакшы натыйжасын берип келет.

Долбоор медреседе жана теологияда окуган жаштарды жумуш менен камсыз кылуу максатын көздөйт.

Аталган маалыматты видеонун 18:58 минутасынан көрө аласыздар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген