Ошто аттракциондордун техникалык коопсуздугун текшерген кызмат жок

Ош шаардык мамлекеттик экологиялык техникалык коопсуздук инспекциясынан “Ынтымакка” кабарлашкандай, аталган кызмат аттракциондордун коопсуздугун текшере албайт. Ага тиешелүү кызмат Ош шаарында жок.

Эреже боюнча каруселди иштетип жаткан ижарачы анын техникалык коопсуздугун жылына бир жолу текшертип туруусу каралган. Ал үчүн эксперттерди Бишкек шаарынан чакыртуу зарыл.

“Аттракциондордун техникалык коопсуздугун текшерүү биздин жумушка кирбейт. Биз өрт коопсуздугун жана парктардын ишмердүүлүгүн гана текшере алабыз. Техникалык коопсуздукту текшере турган адистер Ошто жок. Ижарачы адистерди Бишкектен чакыртып текшертүүгө кызыктар болуусу керек”, – дейт Мамлекеттик экотехинспекциянын Ош облусу боюнча башкы инспектору Асанбек Мамыраимов.

Ал кошумчалагандай, өткөн жылы шаардагы мамлекетке караган Токтогул атындагы эс алуу жайынан техникалык талапка жооп бербеген үч карусель ишин токтоткон, быйыл да бир каруселди алуу боюнча тапшырма берилген. Ал эми Алишер Навои атындагы паркын ижарага алган ишкер өзү кароодон өткөрүшү керек болчу.

Эскерте кетсек, 14-майда Ош шаарынын Навои эс алуу багында жайгашкан каруселдердин бири адамдары менен кулап кеткен. Жеңил жараат алгандарга эс алуу жайдын өзүндө жардам берилип, оор абалдагылары ооруканага жеткирилген.  Алардын бирөө жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Сүрөт: www

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген