Ошто аткезчилик жол менен беткап ташып бараткандар кармалды

Ош шаарында аткезчилик жол менен медициналык баткап ташып бараткан адамдар кармалды. Бул тууралуу Финансы полициясы билдиргенин jebe.media жарыялады.

Маалыматка ылайык, алар 80 миң даана беткапты кымбат баада сатышмак. Медициналык товардын тиешелүү документтери болгон эмес. Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Өкмөт чыгарган буйругуна ылайык, медициналык беткаптын баасы 10 сомдон жогору болбошу керек жана 1 адамга 3төн ашык медициналык беткап сатууга тыюу салынат.

Оштун тургуну: Жергиликтүү ишканалардан чыккан беткаптар кайда?

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген