Ошто апта ичи ВИЧке акысыз тест жүргүзүлөт

Ош шаарындагы “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкаруусунда ВИЧти алдын алуу боюнча акциясы башталды. Бул тууралуу шаардын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын айтымында, Ош облустук СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борбору COVID-19, ВИЧ жана кургак учук жугуштуу ооруларына каршы күрөшүүнүн жана алдын алуунун алкагында калк арасында кеңири маалыматтык кампанияны башталды.

МАБтын административдик имаратынын жанына атайын көчмө лаборатриянын чатыры тигилген, ал жерде дарыгерлер шилекей чогултуу жолу менен ВИЧти жашыруун анонимдүү акысыз текшеришип, COVID-19, ВИЧ жана кургак учуктун алдын алуу боюнча кеңештерин беришет.

Акысыз тестирлөө жума бою жүргүзүлөт.

Акцияны облустук наркологиялык борбордун, Ош облустук ооруканасынын, кургак учукка каршы оорукананын, профилдик коомдук уюмдардын жана фонддордун кызматкерлери колдоп жатышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.