Ошто апасы кепкир менен сабаган бала комага түштү

Ош шаарында апасы кепкир менен урган баланын абалы оорлошуп, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Наристенин ички органдары жабыркап, баланын баш мээсине кан уюп калганын шаардык милициядан билдиришти.

Күч кызматкерлеринин маалыматында, баланы апасы өзүн билбей калганга чейин сабаган. Абалы оорлошо баштаганда Ош облусттук ооруканасынын реанимация бѳлүмүнѳ алып барып, ѳзүнүн ур-токмокко алганын жашырган. Дарыгерлерге тепкичтен жыгылып кетти деп жалган маалымат берген.

Азыркы тапта баланын 24 жаштагы энеси камакка алынды. Ага карата кылмыш кодексинин 234-беренеси менен кылмыш иши козголду. Маалыматтарга караганда эне баласын жалгыз тарбиялап келе жаткан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген