Ошто алимент төлөбөй жүргөн 500 жаран издөөдө. Видео

Ош облусунда алимент төлөөгө милдеттендирилген жарандардынн саны өсүүдө. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош облустук сот департаментинин башкы адиси Алмазбек Макаев билдирди.

Маалыматка ылайык,  Ош облусунда  8 миңден ашуун адам алимент төлөөгө милдеттендирилген. Анын ичинде алимент төлөөдөн качып, издөөдө жүргөндөрдүн саны 500 чукулдап калды.

«Алимен десе көпчүлүк аталар төлөшү керек деп түшүнүшөт. Бирок, бала кимдин карамагында калса ошол адам алимент өндүрүүчү болуп саналат. Мисалы, балдары атасында калып, апасы алимент төлөгөн учурлар көп болууда. Мындан сырткары ата-энелерге да балдары алимент төлөйт», – деди ал.

Жаңырган жылдын алгачкы күнүнөн тарта, жаңы мыйзамдыр күчүнө кирди. Алсак, алимент төлөөдөн качып жүргөн жарандар мындан ары кымыш жоопкерчилигине тартылат.

Бул маселе тууралу кеңири маалыматты төмөнкү видеодон көрсөңуздөр болот.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген