Ошто алгачкы жолу волейбол боюнча кайрымдуулук чемпионаты өтөт

15-февраль күнү Ош шаарында аялдар арасында волейбол боюнча “Өмүр үчүн күрөш!” урааны астында кайрымдуулук чемпионаты өтөт. Бул күн рак илдетине чалдыккан балдардын бүткүл дүйнөлүк күнү катары белгиленет.

Аталган иш-чара рак менен күрөшүп жаткан 12 жаштагы Айжамал Темирбековага Индиядан операция жасоо үчүн акча каражатын чогултуу максатында уюштурулуп жатат. Мелдешти Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, “Борбордук Азиянын Аялдар Лигасы” коомдук фондунун негиздөөчүлөрү Асель Атабекова жана Гулназ Исаева менен биргеликте демилгелешкен.

Кайрымдуулук чемпионатынын өзгөчөлүгү – аялдарды сергек жашоого тартуу менен бирге, кайрымдуу болууга, башкаларга жардам берүүгө үндөө аркылуу Айжамалдын өмүрүн сактап калууга салым кошуу.

Айжамал учурда апасы менен биргеликте Индияда дарыланууда. Дарылануу оор болгондуктан, операциясына 70 миң доллар керек экендигин аталган оорукана тарабынан билдиришкен. Буга чейин Бишкекте “Өмүр үчүн күрөш” деген ураан менен уюштурулган волейбол боюнча кайрымдуулук мелдеш аялдардын башын бириктирип, Айжамалдын Индияга кетишине шарт түзгөн.

Кайрымдуулук чемпионаты 15-февраль күнү саат 10:00дө Ош шаарынын Рамазан спорт комплексинде өтөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген