Ошто Акжол Махмудовго 2 бөлмөлүү батир жана 10 миң доллар берилди

Кечээ, 31-август күнү, Ош шаарындагы аянтта Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата чоң программадагы концерт уюштурулуп, анын алкагында шаардын мэри Алмаз Мамбетов Акжол Махмудовго 10 миң доллар акчалай сыйлык жана 2 бөлмөлүү батирдин сертификатын тапшырды.

Алмаз Мамбетов Токиодо өткөн Олимпиада оюндары тууралуу айтып, ар бир спортчуга ыраазычылык билдирди. Майрамдын ардактуу коногу Акжол Махмудовго 2 бөлмөлүү батир жана акча тапшырылды. Ошондой эле тренерлерге акча каражат жана сертификаттар тапшырылды.

Белгилей кетсек, Токиодогу Олимпиада оюндарында кыргыз балбаны Акжол Махмудов күмүш медаль тагынган. Грек-рим күрөшү боюнча турнирдин финалында 77 кг салмакта күч сынашкан Махмудов венгриялык Тамаш Лоринецке 1: 2 эсебинде жеңилип калган.

Жарым финалда Махмудов Армениядан келген атаандашы Карапет Чалян менен болгон беттеште 6: 2 эсебинде жеңишке жеткен. Чейрек финалда ал азербайжандык Рафик Гусейновду 9: 1 эсебинде утуп алган, ага чейин тунистик Ламиед Мафинини 11: 0 эсебинде утуп алган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.