Ошто акысыз тиш дарылоо акциясы башталды

Ош шаарында Орозо айынын урматына акысыз тиш дарылоо акциясы башталды. Саамалык бир ай бою уланып, каалоочулар стоматологдун кызматын акысыз пайдаланса болот. Бул тууралуу “Ынтымакка” тиш дарыгери Умидбек Хамраев билдирди.

Анын айтымында, акция Бишкек шаарында башталып, каалоочулар өз аймагында улантып жатышат.

“Бул демилге быйыл алгачкы ирет уюштурулду. Рамазан айы кайрымдуулуктун, сабырдуулуктун, боорукердиктин айы болгондуктан муктаждарга жардам көрсөтүүнү чечтик. Бир ай бою каалоочулар келип, акысыз тейлөө алса болот”-деди ал.

Ал кошумчалагандай, учурда Оштогу тиш салуучу стоматолог-техниктер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгер алар акцияга кошулса, акысыз тиш салуу кызматы да көрсөтүлөт.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген